Печать
Категория: Коом
Просмотров: 365

 

Лейлек райондук соту балдарына кыйла мезгилден бери 178 миң сом алиментин төлөбөй качып жүргөн 46 жаштагы Т. Х. ны убактылуу эркинен ажыратты.

           

Лейлек райондук соту маалымдаганына караганда, 46 жаштагы Т. Х. аялы менен тогуз жыл мурда эле ажырашкан. Алиментти 2013-жылга дейре төлөп жүргөн. Тилекке каршы, колунда карыган энеси бардыгына шылтоолоп, 2013-жылдан тартып алимент төлөөдөн караманча баш тарткан. Соттолуучу дыйканчылык менен алектенет. Ошондуктан, соттон эмдиги жылкы түшүмүн жыйноого дейре алиментти төлөөнү убактылуу токтотууну суранды.

 

Ошентсе дагы, Т.Х. га алимент төлөбөндүгү үчүн жоопкерчилик бардыгы бир нече ирет эскертилген. Эми минтип сот айыптоо чечимин угузду. Аны аткаруу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматына жүктөлдү.     

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. Kg” гезити