Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты.

 

Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген, бирок өзүнүн билдирүүсүндө кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын маалымдады. Семетей Султанов аны кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жазган.

 

Султанов - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын ишиндеги бир катар маселелерге байланыштуу анын дарегине нааразы пикирлер айтылып келген.