Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин адвокаты Учкунбек Каримов кардарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттанып, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу Каримов өзү билдирди.
2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.
“Элгезит”, “Майдан. kg” гезити