Араван райондук төрөт бөлүмүндөгү мыйзамсыз жоруктарга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө редакциябызга Араван райондук прокуратурасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Араван райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн Төө-Моюн филиалынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Алар өз ара алдын-ала макулдашып, 2018-жылдын сентябрь айында расмий документтерге жалган маалыматтарды жазышып, мунун негизинде Баткен облусунун тургуну башка эле аял төрөгөн ымыркай кызды өзүнүн баласы кылып каттатып алган. Ошондой эле филиалдын кызматкерлери өздөрүнүн бул мыйзамсыз аракеттерин андан ары улантышып, аталган аялдын төрөт баяны жана ымыркайга байланыщтуу документтерин дагы тууралашып, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн медициналык аныктамасын мыйзамсыз эле жазып беришкен.
Аталган фактынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 315-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери толук бойдон аныкталды. Ошентип, Араван райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, ушул тапта райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg” гезити