Мамлекеттик Бажы кызматынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү Лейлек чек ара отрядына таандык тилкеде Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып бараткан 1 100 000 сомдук жүк кармашты.
Айтмакчы, Кыргызстандын эки жараны Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер кыштагынан алыс эмес жерде Кыргызстандан Тажикстанды карай жүк жүктөгөн автуонаада баратышкан. Автонунааны кармап токтотуп текшеришкенде, анын ичинен 1 100 000 сомго бааланган 23 тонна мандарин табылды. Бирок, жүктүн ээсинде буларга таандык эч кандай документи болгон эмес!
Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин 389-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык чек ара тартибин бузган жаранга административдик айып гана салынды. Ал эми кармалган жаран документтери менен кошо УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
“Майдан. kg” гезити