Печать
Категория: Коом
Просмотров: 234

 

- Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген коомдук тартип жаатындагы жаңылыктар элдин эсин оодарды. Карапайым калктын басымдуу бөлүгүнүн буга каршы чыгып жатканын байкап жатабыз. Көчөдө түкүргөндүгү, тамеки тарткандыгы үчүн олчойгон айып пулдун киргизилиши керек чара беле? Эреже бузгандарга карата айып пулдун да эбегейсиз көтөрүлүшү элди эзүү эмеспи? Буга карата сиздин жеке оюңуз кандай?

 

 

- Элди эзүү эмеспи деп сураганыңыздын  өзү туура эмес. Элди эзгидей салыктын жаңы түрү киргизилип, же  аткаруу кыйынга турган тыюу салуу болуп жаткан жери жок да! Бул биз үчүн керектүү чаралар болчу, бүгүнкү мезгилдин, жашообуздун талабы. “Жол эрежелерин бузба, сакта, коомдук жайларда түкүрүнбө, какырынба, болбосо штраф төлөйсүң”- деп атат. Мунун эмнеси жаман? Жол эрежелерин сактоону талап кылуу асмандан алынган жок. Дүйнөнүн бардык жериндеги айдоочулар милдеттүү түрдө сактап, аткарып келатышкан эл аралык нормалар, талаптар. Бирок тилекке каршы, Кыргызстандагы айдоочулар баарына бирдей болгон ошол талаптарды аткарууда кашаңдык кылып жатпайбызбы! Өзүбүздүн уят, абийир деген жазылбаган мыйзамдарыбыз болсо  алсыздык кылууда. Элдин өзүнүн колунан келбесе, анан өкмөт мыйзамдык чараларга барат да. Тыюу салуу, чектөө чаралары менен көйгөйдү чечүү тарыхтан практикаланып келет. Кырдаал талап кылса, катаал чараларга баргандан башка арга калбайт. Биз аргасыз ошондой кадамга барып атабыз. Айып пулдарды көтөрүү менен эң ириде жол жүрүүнү тартипке келтирүү, жол кырсыктарын азайтуу аракети көрүлүүдө.

 

Түкүрүк боюнча да ушундай эле пикирди  айтсак  болот. Таптакыр түкүрбө деген эч ким жок. Үйүңө барганда, корооңо киргенде каалашынча түкүрө бер. Бирок эч ким үйүндө түкүрбөйт. Ошол сыяктуу эле Бишкекти өз үйүңдөй көрүп түкүрбө. Коомдук жайларда, көчөдө баратканда түкүрбө, тазалыкты сакта,  маданияттуу бол, башкаларды сыйла. Түкүрсөң айып пул төлөйсүң. Эмне түкүрбөй коюу кыйынбы? Маданияты жогору элдер түкүрүнбөй, какырынбай эле жүрүшпөйбү! Эмне, кыргыздар алардан өзгөчөбү? Же кыргыздар түкүрмөйүнчө тура албаган балит элби? Албетте, андай эмес.

 

Ачыгын айтканда, бул маселе жөн гана “айрымдардын” аракеттери менен саясатташып кетти. А көпчүлүк алардын жетегинде калып, түкүрүктүн деңгээлине түшүп кеткенибизди аңдабай калдык.  “Түкүрбө” дегенди мынчалык талкуулап, тема кылганыбыздын өзү уят.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити