Жалал-Абадда Арал айылдык кеңешинин депутаты абакка агасына жолугууга келип, баңгизат берүүгө аракеттенген.
Аймактык ИИБинин маалыматына караганда, окуя №10 түзөтүү колониясында болгон.
42 жаштагы О.А. агасына баңгизат алып кирип баратканда кармалган.
Бул боюнча “Баңгизатты мыйзамсыз сактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бирок, Жалал-Абад шаардык сот кармалуучуну үй камагына чыгарган.