Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

 

Учурда  айыл өкмөттөрүнүн мурдагы карыздары сот аркылуу өндүрүлүп баштады. Бул тууралуу  депутат Алмазбек Акматов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

"Кезинде карызды алган жетекчилердин арасында өлгөндөрү, башка жакка дайынсыз кеткендери бар экен. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай абдан кыйналып турушат, көп айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды. Мындай абал өкүм сүрүп жаткан убакта Өкмөт четте калбай, тийиштүү чараларды көрүп, айыл өкмөттөрүнүн көйгөйүн жеӊилдетиши керек", - деди депутат.