Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев мурунку жана азыркы президенттердин ортосундагы карама каршылык коңшу мамлекеттердин Кыргызстанды шылдыңдоосуна жол ачаарын белгиледи.
"Сооронбай Шарипович, Алмазбек Атамбаевди кечириңиз. Бул карама каршылык өлкөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизет, Кыргызстанга коңшулар күлүп жатышат", - деди ал.
Башка депутаттар Рысалиевдин бул билдирүүсүн кол чабуу менен коштоого алышты.