Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

 

 

Кара-Балта шаарында жайгашкан кытайлык "Жунда" заводунун мурдагы кызматкери Искендер Мамыркуловду белгисиз адамдар экинчи жолу сабап кетишти.  Бул тууралуу  анын кесиптеши Нурбек Сулайманов мындай деди: “11-декабрда Кара-Балтага Жогорку Кеңештин депутаттары келмек. Биз 10-декабрда ошолор менен эмнелер тууралуу сүйлөшөрүбүздү талкуулап алып, тарап кеткенбиз. Кечинде келинчеги "кесиптештерим менен жолугам деп чыгып кеткен бойдон келген жок" деп чалды. Издеп чыгып, оорукана жактан таптык. Өзү келатыптыр, колу байланган, курткасы бычак менен кескиленген, бети-колу тилинген, тили шишип кетиптир, бир бут кийими жок. Машинага отургузуп эле ооруканага алып бардык. Бизди тааныган да жок”.

 

Ушул жылдын октябрь айында "Жунда" заводунун кесиптик кошуун уюму жетекчилик жумушчулардын эмгек укуктарын бузуп, шартын камсыз кылбай, зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөбөй келатканын айтып чыккан.

 

Анда жумушчулардын бири, сабалган Искендер Мамыркулов “жетекчилик тийиштүү акчаны төлөп бербей жатат” деп сотко кайрылганын ноябрдын башында билдирген. Мамыркулов ага өзүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери деп тааныштырган белгисиз бир адам телефон чалып, “Жунданын” ишине кийлигишпөөсүн эскертип, коркутканын айткан. Буга чейин белгисиз адамдар Мамыркуловду күндүз артынан келип, башка уруп кетишкен. Анда ал эс-учун жоготуп, кол салгандарды көрбөй калган.

 

Учурда Мамыркуловдун сабалган фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыш иши козголуп, тиешелүү иликтөө иштери жүрүүдө.

 

 

 

“Майдан.kg” гезити