Печать
Категория: Коом
Просмотров: 308


 

ОшМУнун алдындагы Чыңгыз Айтматов атындагы клуб аталган ЖОЖдун табият таануу жана география факультети менен биргеликте залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналган чон конференция өткөрдү. Иш-чарага катышкандар атактуу калемгер чыгармаларында бүгүнкү экологиялык апаат темасын үстөккө-босток чагылдырып, адамзатты табият менен дайыма таттуу мамиледе болууга байма-бай үндөгөндүгүн баса белгилешти.

           

- Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кайсыл гана чыгармасына үңүлбөңүз, табият жөнүндө сөзсүз сүрөттөйт!- дейт ОшМУнун окутуучусу Николай Мурадымов. - Мунун дагы жөнү бар. Тээ Совет доорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында, анан калса азыр деле экология бүгүнкү күндүн эң чоң баш оорутмасына айланып олтурат. Анткени, танып не, адамзат табиятка мурдагыдай мамиле жасабай калды, эй! Моминтип баарын чекесинен бүлүндүрүп, талкалап гана жатат. Анан дагы аягы таптакыр түгөнбөгөн согуштар дагы буга куп түрткү берип жаткандай... Ошондуктан, адам баласы бүгүн токтоосуз акылыбызга кирип, жаратылышка карата мындай жапайы мамилебизди сөзсүз токтотпосок, анда табият бизди, инсандарды аеосуз жазалай тургандыгын унутпайлы, замандаш!

 

- Биздин муун Чыңгыз Айтматовду чыгаан жазуучу гана эмес, эң мыкты гуманист, анан кайталангыс эколог сыңары дагы сыйлайбыз!- деди ОшМУнун Чыңгыз Айтматов атындагы клубунун жетекчиси, доцент Эгемназар Айдаралиев. - Бирок, биргезде залкар калемгер байма-бай көтөргөн экология темасы дал ушул тапта деле бүтүндөй адамзаттын башын ооруткан эң ири көйгөйгө айланып олтурат. Мунун башкы эле себеби - табиятка мамилебиз түп тамырынан өзгөрдү. А түгүл улам эле катаалдашып баратат. Эгерде бүгүн мындай теңирден тескери мамилебизди такыр тыйбасак, эртең мунун азабын куп эле тартабыз, эй!

 

Айтмакчы, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ОШМУдагы бул конференциянын катышуучулары дал азыр башыбызга түщкөн экологиялык апаат Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында таасын чагылдырылып, бул аркылуу  адамзатты акыл-эске, табият менен ар дайым таттуу мамиледе болууга заркакшап үндөгөндүгүн биринин артынан экннчиси улам-улам эскертип, тынбай коңгуроо кагып анан тарашты.

 

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан.kg” гезити