Азыр жайкысын Ысык-Көлгө барып калсаңыз биринчи эле көзгө урунган нерселер таштандылар, жана да таштандылар. Көл жээгинде жайнаган машинелер толуп, көл жээги чоң гараж болуп калганын көрөсүз. Бирок дайым эле мындай болгон эмес. Ысык-Көлүбүзгө ыйыктын ыйыгындай мамиле кылып, ага түшүүдөн айбыккан учурлар болгон. Кийин советтик доордун учурунда экология милициясы бар болуп, көлдүн тазалыгынын жана экологиясынын сакталышы үчүн талыкпай, тартынбай күрөшкөн мезгилдер өткөн. Бул жөнүндө ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын генерал-майору С.Дубанаев төмөндөгүчө эскерет.
“Союздун учурунда эле бизди, кыргыз атуулдарын Ысык-Көлүбүздүн абалы чочулатып, тынчыбызды ала баштаган. Анткени Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан деги эле бүтүндөй Союздук Республикалардан келген эс алуучулар көбөйүп олтурган. Мындай эс алуучулардан кийин кыйылган токой, булганган суу, ташталган таштанды калып, көл жээгинин көркү кете баштады. Мен ошол кездерде Ысык-Көл ОИИБинде башчынын орун басары болуп иштеп жүргөм. 1985-жылы жайдын толук кезинде мени Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы Насирдин Исанов чакырып калды. Бул киши абдан билимдүү, ар тараптан өнүккөн, алысты көрө билген чыныгы ишкер адам эле. Ал мага Ысык–Көлдүн абалы жылдан жылга начарлап баратканын айтып, кандай чара көрсөк болот деп кеңешкени чакырган экен.
-“Көлдүн жээгине чейин машине менен келишип, чатыр тигип, көл жээгине казан асып, өз билгендерин кылып жатышат. Минтип олтурса көлдөн айрылып калышыбыз мүмкүн. Бир нерсе кылып, көлүбүздүн көркүн, табийгатын сактап калбасак болбойт. Ушуну ойлонуп көрөлү деп чакырдым эле”- деди. Андан соң Ысык-Көл, Нарын облустук компартиянын биринчи катчысы Жумгалбек Аманбаевге алып кирди. Насирдин Исановдун пикирин Аманбаев да абдан туура көрүп: “Азыр жаратылышты коргоо маселеси бизди эле эмес, бүтүндөй дүйнө элдеринин тынчын алып жаткан маселе экенин жакында өткөн Ысык-Көл форумунда уктук. Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен өткөн форумдун чечимдерин колдоп, биз дагы иш чараларды көрө баштаганыбыз туура”- деп Жумгалбек Аманбаев да мага бир жума ойлонуп, изденип анан кандайдыр бир сунуш менен келиңиз деген тапшырма берди.
Мен ойлонуп көрсөм, биздин республикада мындай экология тууралуу иш чаралар болбоптур. Ошондо жакында эле Кыргызстанга келип көлгө түшүп эс алып кеткен СССРдин ИИМнин коомдук коопсуздук башкармасынын башчысы, милициянын генерал-майору Иван Нестеревич эсиме түшүп, ошол кишиге чалып, алдыда турган маселе тууралуу айтып бердим. Ал киши Союз боюнча мындай экологияны коргогон бир гана Эстонияда, Юрмала шаарында санитардык милиция бардыгын айтып, ошонун иши менен таанышып көрүшүмдү сунуштады. Мен эртеси эле Насирдин Исановго кирип, Юрмала шаарындагы санитардык милиция жөнүндө билгенимди айтып бердим эле, ал дароо эле барып, ушул ишти аягына чыгара үйрөнүп келиңиз деди да, мага Нарынбек Дүйшөнбаев деген жардамчысын кошуп берип, Эстонияга иш сапарга жиберди. Барсак чынында эле Юрмала шаарында санитардык милиция иштейт экен. Шаардык бюджеттен камсыздалган 21 кызматкер шаардын жана шаарга караштуу пляждардын тазалыгын, экологиялык коопсуздугунун сакталышына көзөмөл жүргүзүп турушат экен. Санитардык милициянын аткарып жаткан иштери менен таанышып чыккандан кийин, алардын болгон кагаз-документтерин окуп, изилдеп чыктык. Керектүүлөрүн жазып алдык. Келгенден кийин Насирдин Исановго кирип, көргөн-билгендеримди айтып бердим эле, ал: “Атайын жоболорду даярдап келиңиз, адегенде облустук кеңеште карап, анан Жогорку Кеңешке сунуш кылабыз. Жогорку кеңеш бекитип берсе иштей баштайсыңар”- деп тапшырма берди. Биз көлдө тазалыкты сактоо үчүн экологиялык эрежелерди жазып, аларды бузгандарга айып акыларды аныктадык. Көлгө 500 метрден жакын кирүүгө болбойт деген чек койдук. Кызматкерлерди жер шартына ылайык 80 кызматкер болсун деп сунуштап жана жаңы кызматка “экологиялык милиция” деген ат койдук. Облустук кеңеш жактырып, макулдугун бергенден кийин, Жогорку Кеңештин уруксатын алуу көйгөйү калды. Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Таштанбек Акматовго кириш кыйын экен. Бир нече күн жүрүп кезегим жетпей, кире албай койдум. Айлам кеткенде канча кылса да көлдүк эмеспи, көл үчүн жардамын берээр деп Жазуучулар союзунун катчысы Омор Султановго кирип, көйгөйүмдү айттым эле, ал киши биздин демилгебизди абдан туура көрдү. “Бул маселени эбак эле көтөрүш керек эле, эми да кеч эмес. Мен сизди Чыңгыз Айтматовго киргизейин. Ал киши көл маселесин сөзсүз колдойт деп ишенем”- деп, мени жетелеп Чыңгыз Айтматовдун кабинетине алып кирди. Чыңгыз Төрөкулович анда Жазуучулар кеңешинин төрагасы болучу. Экологиялык милиция жөнүндө айтып берсем, ордунан тура калып, мени кучактап алып, “Бизде да көлдүн экологиясын ойлогон азаматтар бар экен ээ! Бүгүн биз көлүбүздү коргоп кала алалбасак, эртеңки муун бизди кечирбейт”,- деп абдан ыраазы болду. Жаңы эле басмадан чыккан 3 томдук китебине колун коюп, белекке берди. Анан өзү Таштанбек Акматовго телефон чалып: “Балдар жакшы демилге көтөрүп жатыптыр, колдоп бериңиздер!”-деп өтүндү.
Кийин Жогорку Кеңеш биздин сунушту бекитип берип, Экология милициясы 10 жылга жакын иштеди. Көлдүн экологиясы кадимкидей оңолуп, көл жээктерине машине барбай калган. Кийин бизге түшүнүксүз себептер менен экология милициясы жоюлуп кетип, азыр көлүбүз кайрадан коркунучта калды.
Ушул жерден Чыңгыз Айтматовго байланыштуу дагы бир окуя эске түшүп турат. 1986-жылы 5-февралда кайнатам Сейдиманов Соодаке 96 жашында каза болуп, жерге коюу аземине көп киши келген. Ал адам көл кылаасына кадыр-баркы бар киши болгондуктан, миңдей машине, жайнаган эл келген. Анан Россиялык “Известия” газетасына Хрусталев деген журналисттин “Двое душие” аттуу макаласы чыгып, кыргыздын өлүк коюу аземи катуу сынга алынып, мага милиция болуп туруп өлүк коюуда МАИнин машинеси менен узатып жүрдү деген күнөө коюлуп, менин ишим партбюродо карала турган болуп калган эле. Ошондой мен үчүн опурталдуу күндөрдүн биринде Чыңгыз Төрөкулович Чолпон-Атага эл менен жолугушууга келип калды. Ошол жолугушууда Партиянын Борбордук комитетинин көп көрүнүктүү кызматкерлери бар болчу. Борбордук комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Бакаевдин көзүнчө Чыңгыз Айтматов мага минтип айткан: “Мен”Известиядагы” макаланы окуп алып, 50-60 жаштагы фуражкасын тетирисинен кийип алып куран окуган адам экен десем, сен курандын 2 сабын да билбеген жигит турбайсыңбы. Милиция деген эл көп чогулган жерде жүрүп тартипти сакташы керек эмеспи. Милиция эл арасында жүрбөсө анын кадыры канчалык? Бул жигит өз милдетин аткарып эл менен болгону эч кандай күнөө эмес. Ар бир элге өз салты ыйык. Биз да кыргыз элинин каада салттарын сыйлай билишибиз керек. Бул жигиттин ишин партбюрого жеткирбей эле чечип койсоңор болот экен” –деген. Ошонун аркасы менен мен кызматтык эскертүү алып кутулган элем”- деп эскерет генерал.
Азыр Н.Исанов да, Ж.Аманбаев да, Ч.Айтматов да жок. Азыр экология милициясы да жок. Көлдү булгап, анын жээгине ондогон эс алуучу жайлар салынып, алардын кир- когу көлгө агылып, караган, көргөн киши жоктой. Кайдыгерликтин сазы былкылдап, кыргыз бермети делген көлүбүздү акырындан соруп бараткандай...
Үсөнбек Дайырбеков, “Майдан.kg” гезити