2018-жылдын 1-декабрына карата 1 миң 348 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты. Онлайн түрүндөү патентти сатып алгандардын көрсөткүчү бул аймактарда көп - Ош (366 патент), Бишкек (229), Жалал-Абад (99). Ошондой эле, Аламүдүн районунда – 92 патент, Жайыл районунда – 47, Жети-Өгүз районунда – 31, Түп районунда – 26, калганы – башка район жана шаарларда сатылган.
Электрондук патентти алуу МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу жүргүзүлөт.
2018-жылдын 1-октябрынан тартып Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.