Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154

 

 

 

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин   10 – декабрдагы жыйынында  “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

 

Депутат К.Бокоев тарабынан демилгеленип жаткан аталган мыйзам долбоорунда “Үй-бүлөнүн жалпы кирешеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2018-жылдын 1-июлунан тартып дайындала турган пенсияны эсепке албай аныкталат», -  деп жазылган.  Бирок, бул мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген, мыйзамдар техникасы сакталган эмес. Ошондон улам, мыйзамдын 1-беренесинин укуктук жобосунда пенсия үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине киргизилген. Мыйзамда 2018-жылдын 1-июлунан баштап үй-бүлөнүн жалпы кирешеси пенсияны эсепке албастан аныкталаары жөнүндө шилтеме ченем каралган эмес.

 

Жер-жерлерде  шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жарандар бул маселени бир нече жолу көтөрүп чыгышты. Балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөкпулдар бүгүнкү күнү эӊ курч маселе болуп турат жана кезексиз чечүүнү талап кылат.

 

Демилгечи депутат К.Бокоев, - “Ошончо Аппараты иштеген тиешелүү министрликтин адистери жыйынды кирешелер менен жалпы кирешелердин айырмасын тактап, окуп чыккан жокпу?” – деген суроону койду.

 

Бул соболго жооп берген КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри У.Кочкоров, - “Мыйзамды кароодо негизги көңүл орус тилиндеги вариантка жасалып калгандыгы ушул абалга алып келди го?”,  - дейт.  

 

Депутат А.Токторов жөлөкпул алуучулардын арасында ЖОЖдордо балдарын окутуп, келишимдик ири суммаларды төлөп жаткандары бар экендигин айтып, кантип анан алар жакырлардын катарында жөлөкпулдарга муктаж болсун? – деген суроону койду. Ошол эле учурда жөлөкпул чектөөдө тааныштарына жан жартуулар болгон жокпу? Бул жагын да эске алып, социалдык кызматкерлердин жеке жоопкерчилигин кароо зарыл, - деп кошумчалады депутат.

 

Талкуу жыйынтыгында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылып, жалпы жыйындын кароосуна жолдонду.