Кыргызстандын  улуттук авиатармагын  өнүктүрүү үчүн   улуттук авиакомпания  болушу керек. Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдин айтымында, Кыргызстандын учактарынын эскилиги жеткен, жаӊысы жок болгондуктан, аларды алмаштырууга мүмкүн эмес.  Ошондон улам авиакаттамдар кармалып калууда.

 

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абал жана авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу маселе талкууланууда. 

 

«Жыл аягына чейин «Тез Жет» авиакомпаниясын жабуу жөнүндө сунуш бар. Эгер андай болсо, биз ички каттамдарды эле эмес, тышкы каттамдарды да тейлей албай калабыз», - деди ал.

 

Белгилей кетсек, «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов, ал эми ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болуп саналат.