Маданияттын Эмгек сиңирген ишмери Нурканбек Турсунбаевди жана анын жубайын өлтүрүүгө заказ берилгени маалым болду. Бул тууралуу маданий ишмердин жубайы Жыпаргүл Турсунбаева маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, ИИМ спецназы А.Б жана Б.С. аттуулар жубайларды өлтүртүүгө бир жигитти жалдап, ал үчүн он миң доллар сунушташкан. Ага аванс иретинде миң доллар да беришкен.
Мындан улам аталган жарандарга карата 10-октябрда ИИМ кылмыш ишин козгогон.
"Баары 201-жылдын жыйынтыгы мнен А.Б. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алып, Кыргыз драмтеатрынын актеру, эмгек сиңирген артист Нуркан Турсунбаев КР Эл артистигине жетпей калгандан кийин башталды. Мен жаран катары нааразычылыгымды билдирип, маданият министри Түгөлбай Казаковго кайрылдым. Бирок, андан эч кандай реакция болгон жок. Анан өкмөткө кайрылдым, бирок ал жактан мени кайра министрликке жиберишти. Акырында Жогорку Кеңешке кат менен кайрылдым", - деди Турсунбаева.
Айтымында, А.Бнын жасалма диплому укук коргоо кызматтары тарабынан ачыкталган. Андан тышкары президенттин алдындагы башкаруу Академиясын аяктаган деген диплому да жасалма экени белгилүү болгон. Турсунбаеванын Ленин райондук ИИБине жазган арызынан кийин аны жасалма дипломдору үчүн жоопко тартуу аракети башталган. Мына ушул нерсе А.Бны эки аял менен Нуркан Турсунбаевдин иштеген жерине келип, аны сабап кетишине себеп болгон. Бул окуя 201-жылдын 11-апрелинде болгон. Андан кийин ачууланган А.Б токтоно албай Турсунбаевдердин үй-бүлөсүнүн көзүн тазалагысы келип, өлүмгө заказ кылган.
Нуркан Турсунбаева атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы.