Бишкектеги Ош базарында 3-декабрга караган түнү дагы өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо түнкү саат 11лерде тутанган. Бир заматта эле алоолонуп кеткен жалынды өчүрүүгө алты бөлүм өрт өчүргүчтөр, милиция кызматкерлери тартылып түнкү саат 03:31де толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрт Бейшеналиев-Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кийим-кече сатылуучу контейнерде тутанып, болжол менен 500 чарчы метр күйгөн. Өрттүн эмнеден улам чыккандыгынын себеби азырынча белгисиз. Ош базарында өткөн жылы да бир нече жолу өрт катталган болчу. Базарга танапташ жайгашкан "Берекет" соода түйүнүндө быйыл 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метрден ашуун соода аянты күйгөн. Өрттүн кесепетинен 300дөй соодагер жабыркап, баштапкы эсеп боюнча келтирилген зыян бир нече миллион сомго барабар болгон.
Тилекке каршы шаар бийлиги же кыргыз өкмөтү Ак үй менен мэриянын алдына барган жабырлануучуларга материалдык жардам же банктардан алган кредитин төлөөнү жеңилдетүү мындай турсун, өрт эмнеден чыккандыгынын себебин да айтып бере алышкан эмес. Бирок эл арасында бул базар атайын кимдир бирөөлөр тарабынан өрттөлүп аткандыгы тууралуу сөздөр айтылууда. Себеби мындай ыкма ал жерде соода кылгандарды көчүрүүнүн эң ыңгайлуу жолу экен. Ал эми күйгөн соода жайлары бош калбай, кимдир-бирөөлөр тарабынан тез арада эки-үч кабат базар курулууда. Демек...
Булак: “Майдан. kg” гезити