Кыргызстанда бир жумада 247 айдоочу мас абалында кармалганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 23- 29-ноябрга чейин 17 миң 718 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын 1 миң 601и автоунааны жогорку ылдамдыкта айдаса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 37 айдоочу жоопко тартылды.
1589 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратса, коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4357 айдоочуга айып пул салынган.