Кытайдагы этникалык кыргыздардын саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине жапырт камалып жатканы тууралуу маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги текшерет. Бул тууралуу министр Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Айтымында, азырынча бул маалымат тастыктала элек. Учурда министрлик маселени көзөмөлгө алууда.
"Бул суроого абдан кылдат мамиле жасоо керек", - деди министр.
Кытайдагы этникалык кыргыздардын Кыргызстанга кайтып келген тобу президент Жээнбековго кайрылуу жасап, Кытайда калган туугандарын бошотууга жардам берүүсүн өтүнгөң. Алар жакындары саясий жактан кайра тарбиялануу лагерлерине туш келгенин кабарлашкан. Учурда ушундай эле маселе Казакстанда да жаралууда. Ал жакта да Кытайда айрым туугандары калып, өздөрү этникалык мекенине кайтып келген казактар коомчулукка кайрылышып, кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу маалымат беришкен.