Бишкектеги кыргыз циркиндеги абал көптөн бери массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келатат. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ылайыкталган цирк машыгуулары жайгашкан бөлмө кафе катары иштетүүгө чет өлкөлүктөргө ижарага берилгени айтылган. Андан тышкары цирк коюлган учурда сатылган билеттер менен алардан түшкөн кирешенин цифралары эки башка чыгаары да белгиленген.
Бул боюнча маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды. Кыргыз циркинин эмгек жамааты депутат Аида Касымалиевага атайын кайрылуу жолдоп, кандай абалга кептелишкендерин жашырбай тизмектешкен.
Арыз ээлери Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын финансылык тартип бузуулар жок деген жыйынтыгына нааразычылыгын билдиришкен.
Мындан улам депутаттар цирк имаратындагы бош бөлмөлөрдүн ижарага берилишин, цирк программаларына сатылган билеттердин кирешеси туура эмес эсептелип жаткандыгын талкууга алышты.
Талкууда депутат Садык Шер – Нияз Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар бар – жогун тактады.
"2010 – жылдан бери бир жыйынтыкка келе албай жаткан иликтөө иштеринин создуктурулушунда бир мандем бар го?" – деп күмөн санады депутат.
А бирок, цирк директору Курмангазы Исанаев депутаттын пикирине макул болбоду. Ал Кыргызстандагы маданият мекемелеринин арасында кыргыз цирки гана республикалык бюджетке ири кирешелерди алып келип жатканын белгиледи. Айтымында, мамлекетке жылына 3 млн. ашык каражат төгүшөт.