Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча да маалыматтарды айткан. Андагы билдирүүлөр боюнча factcheck.kg сайты анализ жүргүздү.
"Коңшу мамлекет Өзбекстанды алалы. Алар Туракурган ЖЭБин 1 мегаваттты 2,44 миллион долларга куруп бүтүргөнү жатышат. А бизде 1 мегаватт 1, 28 миллион доллар болду. Ошондо, биз дээрлик эки эсе арзанга курдук", - деген Атамбаев маегинде.
Бирок, экс-президенттин калпын uzbekenergo.uz сайтындагы расмий маалымат ачыкка чыгарды. Анда, Атамбаевдин билдирүүсү жалган экени белгиленип, аталган ЖЭБди толугу менен куруу иштери 749 миллион долларга бааланганы, ошондо бир мегаваттын баасы 0, 832 миллион долларга туура келгени белгиленген.
Атамбаев ошондой эле Тажикстандын борбору Душанбедеги ЖЭБ тууралуу да айтып, анын курулушу 1, 32 миллион долларга чамалаганын билдирген. Бирок, "Тажикэнерго" сайтында кубаттуулугу 300 мегаваттка жеткен котлоагрегаттардын курулушунун экинчи этабынын гана баасы жазылган жана долбоордун ишке ашырылышына "Эксимбанк" Кытай банкы 331, 5 миллион жеңилдетилген насыя бергени айтылган.
Мындан улам эксперттер Атамбаевдин коңшу мамлекеттердин ЖЭБдеринин курулушуна кеткен каражаттар боюнча калп айтканын аныкташкан.