Печать
Категория: Коом
Просмотров: 132

 

 
Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Нурматов, Тынчтыкбек Конушбаев, Алтынбек Сулайманов, Искендер Гайпкулов, Улан Примов жана Таабалды Тиллаев Ош облусунун Араван районуна иш сапар менен барышты.

 

Алгач эл өкүлдөрү Араван районундагы Керме-Тоо айын аймагына караштуу Гүлбар айылындагы спорт комплексинин ачылышына катышты. Алсак, аталган жай Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында райондо курулган 30 социалдык мекеменин бири катары колдонууга берилди.

 

Эл өкүлдөрү өлкөнүн өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин белгилеп, жаңы ачылган спорт комплексинен мыкты спортчулар тарбияланып чыгарына ишенишерин кошумчалашты.

 

Муну катар депутат Кубанычбек Нурматов быйылкы жылы мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык мекемелер арбын курулуп жатканына токтолду. Иш сапардын алкагында депутаттар Араван райондук ооруканасына бир тез жардам унаасын жана бөйрөктөгү ташты операциясыз түшүрүүчү жапониянын өндүрүшүнөн чыккан жабдууну тапшырышты. Расмий маалыматтарга таянсак, аталган райондо бөйрөк оорулуулары арбын.