Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатуудагы жагдайларды териштирүүнү Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай тапшырма жарандык активист Эдил Байсаловдун кайрылуусунан улам болгон эмес. Башкы прокуратура жарандык активисттин 2017-2018 жылдары Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу расмий түрдө прокуратурага кайрылбаганын белгиледи. Анда айтылгандай, башкы көзөмөл органы интернеттеги маалыматтарды чогултуп, УКМКга жиберген.
2017-жылдын 5-апрелинде ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганы жана 2003-жылдын январында Түркиянын Измир шаарында жайгашкан өнөр жай ишканасындагы акциялар пакетин түрк ишкерине сатканын билдирген. Пакет 45 млрд. түрк лирасына, башкача айтканда ошол жылдагы курс менен алганда 35 млн. долларга сатылганын далилдеген документтерди бергенин президенттик аппарат жазып чыккан.
Жарандык активист Эдил Байсалов андан кийин өзүнүн булактарына Атамбаев акциялар пакетин сатуу менен өзү айткандай таянып, 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай гана каражат тапканын жарыялаган. Ошондон улам ал экс-президенттин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган.