Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча маселени көтөрдү. 

 

"Шектелип жаткан Мелис Калыковду прокуратура кызматкерлери эс алууга чыгышып, аны уюштуруп бер деп чакырышкан экен. Маркум прокурор менен шектүүнүн эч кандай жалпы кызыкчылыгы болгон эмес, Калыков анын кызмат ордуна көз арта тургандай акыбалда эмес. Прокуратура кызматкерлери прокурорду Калыковдун машинесине салып жөнөтүшкөн. Аны үйүнө жеткирген Калыков өз үйүнө келип, кире элек кезде артынан мас абалындагы прокуратура кызматкерлери келип кармап кетишкен. Азыр эл нааразы болууда, алар прокуратура кызматкери чардап, көңүл ачышса, жөнөкөй адамдар жооптуу болобу дешүүдө", - деди депутат Орозова.