Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев парламент кабыл алган мыйзамдар тууралуу кеп кылды. Айтымында, 5-чакырылышта бир топ мыйзам кабыл алынган, бирок алардын баары эле иштеп кеткен жок. 

 

"Биз мыйзамды бузгандарды жазалайбыз, бирок аткарбагандарга тийишпейбиз. Ушул убакка чейин мыйзамды аткарбаган аткаминерлер жазаланганын көрө элекмин. Биздин мыйзамдар эмнеге аткарылбайт? Биз жөн гана мыйзам чыгаруучу орган болуп калабыз эгер алардын аткарылышын көзөмөлдөбөсөк. Мисалы, уюшкан кылмыштуу топко каршы мыйзам кабыл алганбыз, ал боюнча милиция эчак эле бул топтун мүчөлөрүн учетко алышы керек эле. Электр энергия боюнча да РЭСтер энергия линияларын өздөрү курушу керек деп турат. А бирок, жергиликтүү бийликти мажбурлар курдуруп жатышат", - деди депутат.