Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152

 

Ушул жылдын май айында Өзбекстандагы соода комплекстеринин биринде өспүрүм балдар  карыган аялды сабашкан. Алар аялдын башына чака кийгизишип, муштумдары менен койгулашкан. Аял жыгылып кеткенде балдар качышкан. 

 

6-ноябрда окуянын катышуучуларынын бири видеону соцтармакка жайгаштырган. Андан кийин 10 - ноябрда  өспүрүмдөргө карата бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда видеонун автору менен аялды муштаган бала кармалды. Дагы башка катышуучулар изделүүдө.