Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

 

 
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жаныш Рустенбековду Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындоого макулдугун берди. Талапкерди депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова тааныштырды.

 

Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков буга чейин Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келген. Анын 3 жылдык дипломатиялык мөөнөтү жаӊыдан аяктады.