2018-жылдын 31-октябрында жана 1-2-ноябрында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2-ноябрда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, ошондой эле, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот.
1-2-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
1-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу ыктымал.
Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун татаалданат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу пайда болот.