Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

  
Ооруканалардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн атайын баалоочу карта иштелип чыккан. Андагы индикаторлор аркылуу оорукананын жалпы иши көзөмөлгө алынат. Инфраструктуранын абалы көз жаздымда калбайт. Ага суу менен камсыздоо, жылуулук системалары кирет. Тазалык абалын түзгөн гигиена, дезинфекциялоо иштери кошо камтылат. Дары каражаттары жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо шарттары да талаптагыдай болушу керек. Бул багыттагы иштерди аткарууда 2014 - 2018 – жылдар аралыгында 11 млн. АКШ долларына барабар гранттык каражаттар тартылып, анын 7,3 млн. доллары жумшалган. Жогорудагыдай колдоону райондук ооруканалардын 22си алган. Калган ооруканаларда окутуу жана мониторинг иштери жүргүзүлүп турган.

 

Бул   маалыматтар Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин   29 – октябрдагы жыйынында белгилүү болду. Жыйында  «2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордуи коп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. 

 

Баяндамачы Саламаттык сактоо министринин орун басары М.Каратаев билдиргендей, эми сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, 64 райондук оорукананын материалдык – техникалык базасы жакшыртылат. Энелер менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын натыйжалуулугу артат.