Печать
Категория: Коом

 

 

 

Жаш балдар ар кандай нерселерден коркоору бышык. Эч убакта анын коркунучун шылдыңдабаңыз. Бул маселени чечпейт, тескерисинче, тереңдетет. Жакындарынан колдоо таба албаган бала келечекте аларга болгон ишенимин жоготуп, түнт мүнөздүүгө айланат. Балаңыздын коркунучуна карата мамиле кылыңыз. Биринчи билип алалы, ал эмнеден коркот?

 

... иттен

 

Биринчи кадам – визуалдуу байланыш: балаңызды колунан жетелеп зоопаркка алып барыңыз, зоодүкөнгө да кириңиз. Экинчи, оң образ – башкы каарман ак көңүл, боорукер күчүк болгон мультфильмди чогуу көрүп, китептерди окуп бериңиз. Үчүнчү – татынакай мышык менен достоштуруңуз. Анткени, ал төрт буту, куйругу, жүнү жана тырмагы бар күчүккө абдан окшош эмеспи.

 

Эсиңизде болсун: Эч убакта баланы ит эч нерсе кылбайт деп сооротпоңуз. Андан көрө жаныбарлар менен кандай мамиле кылуу керектигин, анын ичинде этият болууну да айта жүргөн оң.

 

... чоочундардан

 

Бул табигый нерсе, анткени, ымыркай жарык дүйнөгө келген биринчи күндөн тартып эле өзүнүн жанында жүргөн адамдарга жытыгып, жакындашып калат. Ошондуктан, кийинчерээк жашоосунда жаңы пайда болгон адамдар, айрыкча эркек кишилер анда коркуу сезимин жаратат. Балаңыз менен коноктой турган болсоңуз, ага алдын ала даярдаңыз. Жакшы, мээримдүү адамдар менен жолугуша турганыңызды айтыңыз. Барган жерге бала көнгүчө жаныңыздан чыгарбаңыз, колунан кармап, кучактаңыз. Баланы энесинин жанында экени тынчтандырат.

 

...суудан

 

Суудан коркпоо үчүн бала аны менен жакшылап таанышуусу керек. Көлгө барганда алгач жээкте кенен ойноосуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Дароо эле сууга түшүрүүгө баланын ой-боюна койбой, ыйлаткан бойдон алып жөнөбөңүз. Кумда кубалашып ойносун, сепил курсун- тийишпеңиз. Ошол учурда анда-санда сууда сүзүп жүргөн башка жаш балдарга көңүлүн бурдуртуп: “Тиги балдар эмне кылып жатышат?” – деген сыяктуу суроолорду берип туруңуз. Башка балдар кандай жыргап сүзүп жүргөнүн көргөн балаңыз да кызыгуусу артып, акыры өзү эле сууга кирип кетет.

 

... караңгыдан

 

Айрым ата-энелер бала өз коркунучун өзү жеңиши керек деген түшүнүктө ыйлаганына карабай күчкө салып эле, ал жаткан бөлмөнүн жарыгын өчүрүп чыгып кетишет. Мындай ыкма баланы фобиядан куткарбайт, тескерисинче, дагы толгон-токой фобия менен комплекстерди тартуулайт. Андан көрө балага коркунучтуу элести тартууну сунуштаңыз да, анан ал сүрөттү тытып таштаңыздар. Дагы бир ыкма- көлөкөлөр театры. Шамчырактын нурун дубалга багыттап, анын жарыгында манжалардын жардамы менен балаңыз менен чогуу ар кандай айбанаттардын элесин чагылдырыңыз. Ошентип, сиз балаңызга караңгылык анчалык деле коркунучтуу эместигин, анда ойноого да мүмкүн экенин түшүндүрө аласыз.

 

 

ххх

 

Балдар адистери (дарыгерлер, психологдор) түнкү караңгылыктан корккон балдар болочок чыгармачыл, назик дүйнөлүү инсандардын калыптанып жатканынын белгиси экенин айтышат. Мындай балдар адатта жазганды жана окуганда тез жана жеңил үйрөнүшөт, эс-тутуму мыкты болот жана сүрөт тартууга да шыктылуугу менен айырмаланат.

 

Ымыркай

 

 Ал эми ымыркай суудан коркуп, жуунтканда чырылдап ыйласа, анда  ата-эненин тынсыздануусуна себеп бар. Анткени, түйүлдүк эненин курсагында жатканда суу менен катышта болгондуктан, жарык дүйнөдө да сууну ишенимдүү жакыны катары тосуп алуусу керек. Деги эле жарым жылга чейин бөбөктөр катуу корунучту билишпейт. Жашоонун бул аралыгында аларга физикалык суроо-талаптарды аткаруу гана керек: тамактануу, дем алуу, уйку, заара кылуу. Ошондуктан, ымыркай суу тийгенди ыйласа, анда суу менен байланышууда дискомфорт болуп жатканын кабары.

 

Мисалы, ымыркайга булар жакпай калды:

 

 *суу абдан ысык, же абдан эле муздак;

*денени сууга аз-аздан көндүрбөй, дароо киргизүү;

*ваннанын түбү сыйгалак, катуу;

*суу абдан көп, же ванна абдан чоң (ымыркайга өтө чоң ванна да ыңгайсыздык жаратат, чоң аймакта ал өзүн кооптуу сезет);

*денедеги ар кандай жарааттардын болушу, сууга тийгенде ачыштырат;

*жуунтуп жаткан адамдын олдоксон кыймылы;