Адамдын күнүмдүк рационунда аталган азыктар кездешсе, анда депрессияга орун жок.
Банан
Эгер энергетикалык бонус нөлдө турса, банан аны заматта көтөрөт. Андан тышкары бул азыктын курамындагы калий нерв системасын бекемдейт, ал эми витамин В бакыт гармонунун бөлүнүп чыгышына таасирин берет.
Жасмык (чечевица)
Бул депрессияга каршы кубаттуу, нукура азык. Анткени, анын курамында магний жана В витаминдердин тобу бар. Жасмыктан жасалган тамакты түштө жесе, адам кечке дейре өзүн сергек сезип жүрөт.
Жумуртка
Белоктун гана эмес, темирдин да мыкты булагы. Темир жетишпегенде адам тез чарчап, ныксырап жүрөт. Күнүнө 2 жумуртка жеген адам күнү бою чарчабай, жумуштарын тез бүткөрөт.
Имбирь
Имбирь менен лимондон жасалган суусундук адамды кофеден кем эмес сергек кылат. Андан тышкары имбирь организмди абдан жылытат, бул айрыкча кыштын суук күндөрүндө керек.
Бадам, мисте
Так ушул азыктар шекерди энергияга айланта турган магнийге бай. Күнүнө 8-9 данын жеп туруу маанайды көтөрүүгө, дайыма жакшы ойлордун жетегинде болууга толук жетиштүү.