Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

 
Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 1999-2000-жылдардагы өлкөнүн бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына коркунуч жараткан Баткен окуясынын катышуучуларына жана коогалаңда каза болгондорду эскерүүгө арналган митинг-реквиемге катышты.  Андан тышкары, иш-чарада Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердибаев, Бишкек гарнизонунун жеке курамы, Баткен окуясынын жана Ооган согушунун ардагерлери жана коогалаңда курман болгондордун туугандары менен жакындары болду.

  

Баткен окуясындагы жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюлгандан кийин митинг-реквием Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүндө уланды.

  

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков аталган коогалаң көз карандысыз, эгемен Кыргызстан үчүн оор сыноо болгон белгилеп: “Диний экстремисттердин тобу 1999-жылдын август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып кирип, Баткен районунда коогалуу окуянын очогун тутантууга аракет кылган. Бийлик өкүлдөрүн, чет элдик геологдорду жана жергиликтүү тургундарды барымтага алган согушчандар, Борбор Азиядагы башка өлкөлөр үчүн да коркунуч туудурган. Өлкө бүтүндүгүнө жана эл аралык коопсуздукка шек жараткан мындай көрүнүштү тез арада токтотуу багытында ыкчам чара көрүү негизги милдет эле. Душмандарды сүрүп чыгып, катылгандардын жазасын берүү жаатында атайын иштер мерчемделип, ырааттуу аткарылган. Жоокерлер менен катар ыктыярдуу аскерлер экстремисттик топко каршы аттанып, кайратмандык жана күжүрмөндүк менен күрөш жүргүзүшкөн. Тилекке каршы капыстан болгон коогалаңда ондогон кыргыз жоокерлери жана ыктыярчылар каза таап, көптөгөн мекендештерибиз жабыркады”, – деп кошумчалады.   

 

Иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөттү.

 

Эске салсак, каза болгон жоокерлердин атын түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында Куралдуу күчтөрүнүн бардык бөлүктөрүндө 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Кошумчалай кетсек, Баткен окуясында жеке курамдан 54 жоокер каза болгон. 2001-жылы Коргоо министрлигинин Буйругу менен алардын аты-жөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн тизмесине түбөлүккө киргизилген.