Печать
Категория: Коом
Просмотров: 290

 

 

Сыягы, чет өлкөлөргө сапарга чыгып, көп акча коротуу боюнча дүйнөлүк мелдеш өтсө да биздин чиновниктер рекорд коёт болсо керек.  Ошол эле учурда булардын бул командировкасынан мамлекет менен карапайым калкка бир тыйын да пайда болбой тургандыгы бештен белгилүү. Себеби алар жеке кызыкчылыгын гана ойлошуп, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” болуп, мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн акчага үй-бүлөсү, тууган-уруктары жана ойноштору менен чардап келишүүдө. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары З.Каденованын Сеул аэропортунда “карвалол” ичип алып “залёт” болгондогу окуясынан кийин бул маселе коомчулуктун талкуусуна алынып, айрым депутаттар менен экс-министрлердин ортосундагы жеке мамилелерден улам бир топ жагдайлар ачыкка чыгып кетип, жарды-жалчы, майыптардын эсебинен дүйнөнүн булу-бурчун саякатчы бакадай эле кыдырган министр айым эки орун басары менен кошо кызматтан кетти. Чиновниктердин чет элдик сапарына жалпысынан жылына канча каражат жумшалары бул жумада Парламентте кайра көтөрүлдү. Депутат Аида Касымалиева мамлекеттен канча сумма аткаминерлердин иш сапарларына бюджеттен бөлүнөт же болбосо чет өлкөгө иш сапарларды төлөй турган каржы булактары тарабынан канча акча коротулаарына кызыгып, “Министирликтерден бир гана тармактарды өнүктүрүү министрлери эмес, саламаттыкты сактоо, маданият жана билим министирликтери да иш сапарга канча каражат коротоорун тактап бергиле" деп суроо салды. Мындан сырткары депутат диппаспорттор кандай колдонулаарын да сурады. Бул суроого каржы министири Адылбек Касымалиев 2018-жылы иш сапарларга 622 миллион сом кеткенин, мындан сырткары келээрки жылга да дал ушундай сумма бөлүнөөрүн айтты. Демек, мамлекеттин эсебинен бекер чет өлкөгө чыгып, бир тыйын пайдасы жок сапарлар улана бермекчи...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити