Печать
Категория: Коом
Просмотров: 168

 

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев Россияга жол тарткан экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бир учакка түшүп калып, чогуу сүрөткө түшүүгө да жетишкен. Сүрөт соцтармакка жарыяланаары менен аны колдонуучулар ар кандай кабыл алышты. Көпчүлүк пикирлер кечээ өзүнө куугунтук жасаган экс-президенттин жанында сүрөткө түшкөнү үчүн Түлеевди “саткын” дегенге чейин барды. Экс-мэр терс комментарийлерден кийин сүрөт жайын түшүндүрүп коюуну туура деп таптыбы, төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

 

“Сельфи боюнча азыноолак кеп кыла кетейин.

 

Мен аны көргөнүмдө биринчи орой сүйлөдүм, цензурага ылайык келбеген сөздөрдү да айттым, өзүмдү кармана албай калдым. Бирок, кийинчерээк ал өзү мага келип, колун сунду. Кандай болгон учурда да мен улууларга ызаат кылуу керек деген тарбияда чоңойгом, ошондуктан колумду бердим. Менин ага чейин айткан сөздөрүмө карабай келип мени менен учурашты.

 

Андан кийин мага “кел, сүйлөшөлү”, - деди, биз үч жарым саат сүйлөштүк. Мен ага баарын: анын саясаты, анын бийлиги учурунда эмнелер болгону, кадрлары өлкөнү, элди кантип тоношконун,башкалардын бизнеси менен мүлкүн тартып алышканын айттым. Буларды ал билгенби, же жокпу, белгисиз. Элге берип бирок аткара албаган убадаларын, күч жана сот тармагында ишке ашпаган реформаны да эсине салдым.

 

Булардын баарын ага алты жылда бирөө-жарым айтканбы, аны да билбейм. Бирок, сын айткан мен мени жана башкаларды укпай койгонун белгиледим. Ал болсо башын ийкеди. Көп нерселер айтылды, мен ага “качып баратасыңбы?” – десем, кайтып келээрин айтты. Сүйлөшүлгөн сөздөрдү кеңири кийинчерээк жазам, азыр болсо жолдо баратканымдан баарын толук баяндоого мүмкүнчүлүгүм жок”, - деп жазган экс-мэр.

 

Ал эми сельфини эл башкача түшүнүп албашы үчүн жарыялаганын белгилеген. Жазганына караганда, эки эксти учактагы жүргүнчүлөр келип сүрөткө тартып жатышкан.