Печать
Категория: Коом
Просмотров: 159

 

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү.

 

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү.

 

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей:

 

- Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да, Отунбаеванын да жансакчылары бирдей жана жетиштүү.

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты бир топ кыскартылганын буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" ырастаган. УКМК да, КСДП да экс-президентти канча күзөтчү кайтараарын так айтышкан жок.