Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

 

Новопавловка айылындагы үйлөрдүн бирине ууру кирип, ичинде кымбат баалуу жасалгалар жана акча бар 150 кглык сейфти көтөрүп чыгып кетишкен. 

 

Бул тууралуу Чүй ИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, 12-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө уурулук боюнча маалымат келип түшкөн. Белгисиз адамдар үйгө терезе аркылуу киришкени аныкталган. Алар ичинде 70 миң доллар, алтын жасалгалар жана куймалар, кымбат баадагы швейцариялык сааттар, бир нече фирмага тийиштүү документтер бар 150 кглык сейфти көтөрүп чыгып кетишкен. Бак арабасынын жардамы менен автоунаага алып барып жүктөшкөн да белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. 

 

КР Кылмыш жаза кодексинин "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Экпертиза дайындалды.