Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

 

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон, жана эл аралык террористтик уюмунун мучөсү болгон жаран кармалды.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

Алынган маалыматтарга таянсак, эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү болгон бул жаран, диверсиялык-аскердик даярдыктан өтүп, Сириядагы аскердик кыймылга катышкан. Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын аймагында жалдоо иштерин жүргүзүү менен алектенген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан кармалган жаранга 2 айга камака алуу чечими кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камалган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында бул жаранга жакындыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.