Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Премьер-министр ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максаттарында жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылганын айтты.
«Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз», — деди Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгууну, ошондой эле насыя алуучулар турак жайды сатып алган баанын өзүн төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.
«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады.