Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

 

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө жана социалдык обьектилерге жылуулук берүү боюнча буйрук азырынча чыга элек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, жылуулук берүү  сезонун баштоо үчүн сыртта беш күн  катары менен +8,  же андан төмөн градустагы аба-ырайы болушу керек.

А эми азыр  абанын температурасы  +11 градусту түзүп жатат.

 

Мэриядан белгилегендей, “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы сезонду баштоого даяр, тиешелүү мэрдин буйругу чыгаары менен жылуулук батирлерге бериле баштайт.