Бишкек шаардык сотунда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралууда. Анда, экс-мэрдин адвокаты Сергей Слесарев соттук коллегиянын бүтүндөй курамын жокко чыгарууну эки ирет сунуштады. Айтымында, төрагалык кылып жаткан судья Адис Момуналиев буга дейре Кулматовдун баш коргоо чарасын кароодо чечим чыгарган. Андан тышкары коомдук жактоочу Токтайым Үмөталиеванын процесске катышуусуна уруксат беришкен эмес.
Бирок, сот адвокаттын сунушун четке какты.
Кубанычбек Кулматов коррупцияга шектелип камакка алынган. Ага Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бөлүнгөн кытай грантынын 2 миллион долларын мектеп курулушуна жумшоо шылтоосу менен алып чыгып кеткен деп айып тагылган.