723317, Ош облусу Кара-Суу районунун

Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылы,     

С. Раджапов көчөсү №86 үй Мирзакаримова Гулнарадан

(тел. 0770 352010, эл.дарек Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.)

 

 

АЧЫК КАТ

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу Дамир Казакович!

 

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жүздөгөн тургундары ондогон жыл кезек күтүп, бирок жер тилке ала албай, саргарып бүттүк. Анткени бир үй-бүлө жашаган алты сотых жерде үч-төрт үй-бүлө, бала-бакыраларыбыз менен жашагандар да бар. Келиндер менен батышпай жүдөдүк. Айрым үй-бүлөлөрдө майып, жесир аял, жалгыз бой эне, баатыр эне, жетим балдар, аз камсыз болгондор, квартиранттар жүдөп жатышат. Жер маселесин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жең ичинен, ортомчулары аркылуу сатып, айылдын четинде башка жактан келгендер эки-үч кабат үйлөрдү куруп, буржуй городок өсүп жатат. 2011-жылдан бери карапайым калктын 91 гектар жер тилкелерин соодалаган айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровдун карапайым эл менен иши жок, элдин көйгөйү кызыктырбайт. Учурда трансформация боло элек 85 гектар жердин үстүнөн жер берем деп убадалап, жер тилкелерди “кошелёктору” аркылуу сатып жатат. Бул маселени жогорку бийликке угузуп, чагылдырып, элдин көйгөйүн чечип берүү керек. Антпесе бул айылдагы жерлер четинен мыйзамсыз сатылып, карапайым эл чыдабай калды.

Турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүү 2006-жылдан бери Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы, андан кийин башчысы болгон Шарабидин Капаров үчүн кирешелүү бизнеске айланды. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер тилке үчүн пара төлөй алышпайт, ошондуктан Ш.Капаровдун “кошелёкторуна” паспортторун алдын 5 миң сомдон, азыркы учурда 10 миң сомдон сатууга мажбур болуп жатышат. Ошол паспортторго жер тилкелерге документ жасалып, колунда бар адамдарга жер тилкелерди сатып жатышат.

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров жер мыйзамдарын одоно бузгандыгы жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 2009-жылдын башында үстүнөн кылмыш иши козголгон болчу, бирок кылмыш иши негизсиз токтотулган. Натыйжада жазасыз калган Ш.Капаров КР Жер Кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн, “Жеке менчик турак жай үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6, 16 беренелерин талаптарын одоно бузуу менен, кезектүүлүк тартибин сактабастан жер тилкелерин сатып жатат. Ш.Капаров убагында Кызыл-Кыштакта жер бөлүп берүү мамлекеттик сыр болуп калды. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” мыйзамынын 16, 17-беренелерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө расмий маалыматтарды элге жарыялайт: мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алууга; жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин бир жуманын ичинде жарандарга жеткиликтүү болушу керек. “Таза коом” алкагында жер бөлүштүрүү маселелери ачык, айкын болуусу, коррупциялык схемаларга бөгөт коюулуусу керек, бирок Ш.Капаров андай кылбай жатат. Ш.Капаров айыл өкмөтү убагында байы андан да өтө бай, кембагал андан да өтө кембагал болуп жатат. Эмне үчүн Ш. Капаровдун балдары ар бири үй менен, жер менен камсыз болот? А эмне үчүн карапайым элдин балдары 3-4 үй-бүлө бир үйдө тыгылып жашашы керек? Же болбосо Конституцияда жазылган Кыргызстан - социалдык мамлекет дегени ошондой болобу???

 

Ш.Капаров жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча коомдук угууларды өткөрбөйт, айыл элинин талкуусуна койбойт, коомчулукка маалымат бербейт жана жеке турак-жай куруу үчүн жер алган жарандардын тизмелери боюнча айыл эли маалыматка ээ эмес. Ошондой эле Ш.Капаров жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун бөлүштүрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялабайт, коомдук угуу өткөрбөйт, ошондой эле жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алуучу жарандардын тизмесин көрсөтпөйт. Себеби тизмедеги ал жарандар жер тилкелерин ала албайт, жерлер алардын паспортторуна алынып, колунда бар адамдарга сатылат жана катталат. КР Жер Кодексинин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн, “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 6, 16 беренелерин талаптарын одоно бузуу менен, кезектүүлүк тартибин сактабастан жер тилкелерин сатып жатат. Мисалы, 2005-2012 жылкы документтер жер алуу үчүн кезекте турат, аларга жер берилбейт, себеби ал адамдарды пара берүү үчүн акчасы жок, 2015-2018 жылкы документтерге жер тилкелерди сатып жатат, себеби аларда пара берүү үчүн акчасы бар.

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 28.11.2017 ж. №33 токтому менен Сураташ айылынын №781 контуруна 1,96 га жер аянтын которуп, генплан даярдап, ал жерди сатууга даярдап койду.

 

Ошентип, Ш.Капаров жер берүү боюнча жер мыйзамдарын бузуп жатат. Бирок, прокуратура, МУКК органдары анын мыйзамсыз аракеттерине кылмыш иши козгобой, крышасы болуп жатат.

 

Натыйжада жазасыз калган айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров тегиз жерде жайгашкан суулу жерлерди мыйзамсыз муниципалдык менчикке өткөрүп, көз карандысыз баалоочу менен алдын ала бүтүм боюнча келишип, Ош шаарына чектеш, жакын жайгашкан жерлерди 2010 жылдан баштап мыйзамсыз, арзан баада баалап, муниципалдык суулу жерлерди (ал көптөгөн жерлерди комиссияга корсотуп берем, бирок мен билбеген башка айылдарда да ошондой жерлер бар, аларды билүү үчүн тиркеме №2 даярдадым) базар баасынан абдан арзан баада кошелёкторуно сатып, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири зыян келтирип жатат. Ошол ит бекерге сатылган муниципалдык суулу жерлер Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндөгү токтому жок, чек кылып, кошелектору аркылуу жер тилкелерди ото кымбат баада сатып, айырмасын миллиондогон акчаларды сол чөнтөгүнө салып жатат. Суроо туулат, эмне үчүн Ш. Капаров кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбай жатат, мамлекетке келтирген ири зыянды төлөбөй жатат, же ал мыйзамдан да жогорубу? Ошондой коррупциялык схемалар менен жер тилкелерди саткан Бишкек мэри Албек Ибраимов кылмыш жоопкерчилигине тартылды го.

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 23.07.2015 ж. №87 токтому менен айыл аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин бир чарчы метр жер аянтын ижарага берүү баасы 50-200 сомгочо белгиленген. Бирок, Ош шаары чек арасынан 100 метрда жайгашкан мурдагы “Төлөйкөн” ооруканасынын 380 кв. метр имараты (2008 жылдан айына бир миң сомдон ижарада) көз карандысыз баалоочу К.Эргешов тарабынан бааланган 09.2017 жылдагы отчётунун негизинде бир чарчы метр имарат 2 (эки) (???) сомдон, берүү каралган. Ал көз карандысыз баалоочуну айыл өкмөтү жалдаган. Ошол эле убакытта Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы социалдык объекттерди имараттарын бир чарчы метрин айына старттык баасы 250 сомдон берүү каралган. Суроо туулат ортодогу жуз барабар айырма кайсыл коррупционер сол чөнтөгүнө тушуп жатат экен? Же айыл өкмөттүн башчысы Капаровдун андан да кабары жокпу?.. Суроо туулат социалдык объект имаратын жана муниципалдык жер тилкелерин көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланышы мыйзамдубу? Себеби көз карандысыз баалоочу эмнегедир Ош шаарына чектеш, жакын жайгашкан жер тилкелерин, муниципалдык имараттарын ит бекер, арзан баада баалап жатат. Албетте бул мыйзамсыз иштерди, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтируу максатында Ш. Капаров көз карандысыз баалоочу менен алдын ала бүтүм боюнча келишип кылып жатат. Ошол эле коррупция схемасын Бишкек мэри Албек Ибраимов колдоп мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген. Азыр А.Ибраимов мамлекетке келтирген зыянды төлөп жатат. А эмнеге ошол эле коррупциялык схемаларды колдогон Ш. Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат?

 

Ш. Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүм билемдик менен, Ишкаван айылында өзүнүн үйүнүн алдындагы чоң каналды 20 метрга жылдырып, экскаваторго каналды каздырып, 500-600 кв. метр жер тилкесин өзүнүн үйүнүн жерине мыйзамсыз кошуп алды. Азыркы учурда 12 миң сом айлык акы алган Ш. Капаров ошол үйгө жана уулуна 2 кабаттуу миллиондогон акчага хансарайлар куруп жатат. Балдары автомашиналар минип жатат.

 

Колхоздун мончосуно ажыратылган жерди Ш. Капаров Ишкаван айылынын айыл башчысы жана депутаты болуп турган убакытта мыйзамсыз арзан баага сатып алып, миллиондогон акчага 2 кабаттуу жеке менчик бала бакча курган. Натыйжада Кызыл-Байрак айылы мамлекеттик мончосуз калды. Суроо туулат 12 миң сом айлык акы алган Ш. Капаров миллиондогон акчаларды кайдан алып жатат, же ал арам, коррупциялык акчаларбы?

 

Ш.Капаров 24-май 2018-жыл “Майдан.kg” гезитинде жана “Aimak.kg”, “Nazarnews.kg”, “Sayasat.kg” интернет-сайттарында берген интервьюсунда “Мага жөнсүз асылгандардын артында Ош коогалаңын уюштургандар турушат” деп айткан. Ошол интервьюда мага жөнсүз асылып: Гулнара Мырзакаримованын өзүнүн жери бар. Ошого карабастан “Эми балама жер тилкесин бөлгүлө” деп мени тынбай опузалап олтурат”- деп айткан.

 

Ошондой эле, Ш.Капаров ал интервьюсунда мен жөнүндө “- Анда сиз санактаган кишилердин - жалган арызчылардын артында кимдер турушу ыктымал деп эсептейсиз?

- Мени тынбай ЖМКлар аркылуу жөнсүз каралагандардын артында, албетте, 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңын уюштургандар турушат- деп айткан”.

 

Ш.Капаровдун ошол интервьюсунан кийин коншуларым, тааныштарым, досторум “сенин артында, албетте, 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңын уюштургандар турушат экен? Эмне үчүн албетте менин артымда Ош коогалаңын уюштургандар турушу керек? Алар кимдер?”- деп тынчымды койбой сурап жатышат. Мага жаман көз караш менен карап жатышат. Менин жолдошум Мирзакаримов Якуб жана мен Ш.Капаровдун жалган, ушак сөздөрүнө, мыйзамсыз иш-аракеттерине чыдай албай ооруп калдык. Ш.Капаровдун сөзү боюнча менин артымда 2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңын уюштургандар турушат экен. Ал мага кимдер экендиги маалым эмес. Алар эмне үчүн албетте менин артымда турушу керек? Балким Ш.Капаров аларды билет, аттарын атасын, ким экендигин? Ошондой мыйзамсыз жолдор менен Ш.Капаров мен жөнүндө жалган маалыматтарды массалык маалымат каражаттары аркылуу таркатып ар-намысыма, абийириме, ишкердик беделиме шек келтирген аракеттери үчүн Ш.Капаровдон 3 000 000 сом моралдык зыян өндүрүп берүүгө жатат деп эсептеймин.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Коррупция менен күрөшөм десеңиз, айыл өкмөт башчыларын эл шайлашы керек, болбосо айыл өкмөттөрдүн жер бизнеси токтобойт.

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү буга чейин 85 гектар жерди калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) боюнча документтерди Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө жиберген. Эгерде КР Өкмөтү жерди трансформацияга уруксат берсе, 85 гектар жерди Ш. Капаров коррупциялык жолдор менен байларга сатып, айылдардын карапайым эли жер тилкелерсиз калат.

 

Ушуга байланыштуу, Капаров Шарабидин айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ээлеген убакытта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө чечим кабыл алышы керек эмес.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Урматтуу Дамир Казакович!

 

Жогоркулардын негизинде:

 

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровду ээлеп турган кызматынан бошотуунузду, 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алууну убактылуу токтотуп берүүнүздү жана Ш.Капаровду мыйзам чегинде 303, 304, 305-2, 308-1 Коорупция беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.

 

2) Ошол арызды текшеруу үчүн Республикалык мамлекеттик комиссия тузуунузду жана ал комиссияга Президент Аппараты, КР Өкмөтү аппараты, Жогорку Кеңеш депутаттары, Коопсуздук Кеңешинин кызматкерлери жана биздин катышуубуз менен текшерип беруунузду суранабыз. Себеби Ош облусунун жана Кара-Суу районунун укук коргоо органдарына биз ишенбейбиз.

 

Сизди урматтоо менен,

Мирзакаримова Гулнара

 

Р.S. Мен, менин үй-бүлөм, жеке менчигим менен бир нерсе болсо, Шарабидин Капаровду жана ал менен байланышта болгон коррупционерлерди күнөөлүү деп эсептөөнүүздү суранам.