“АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызыкчылыгына маалымат берди”- деп айыпталган ички иштер министрлигинин мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкты. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги да расмий түрдө тастыктады. Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун билдиришинче, жоопкерчиликке тартылган адамдар мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. “Мурда бизде иштеп, кийин АКШ элчилигине жумушка орношкон экен. Мындан соң ички иштер органдарында чогуу иштешкен кесиптештеринен маалымат алып турушкан. Мен алар алган маалыматтарды деле көрдүм. Анда айрым машинелердин номерлерин тактап, андан соң АКШнын элчилигине берип турушчу экен”,- деди Бакыт Сеитов. Жогорку Сот бул иш боюнча сот өкүмү купуя маалымат катары таанылганын кабарлады. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мындай кылмыш иштин каралганы анык, бирок “купуя маалымат” катары гриф ыйгарылганы үчүн соттун өкүмү жарыяланбайт. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бул окуя боюнча эч кандай комментарий берилбей тургандыгын кабарлашты. Буга чейин жергиликтүү гезиттердин биринде “Кыргызстандын ИИМинин офицерлери АКШнын элчилигине чалгынчылык кылган” деген макала жарыялаган. Анда Ички иштер министрлигинде мурда иштеп кеткен Бишкектеги АКШ элчилигинин Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев аттуу коопсуздук кызматкерлери менен ИИМдин учурдагы офицерлери Мирлан Тойчиев, Эмилбек Карачевди быйыл май айында Биринчи Май райондук соту Кылмыш кодексинин “Чет элдик уюмдар үчүн маалыматты топтоо жана жөнөтүү максатында кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы жазылган болчу.
Булак: “Майдан. kg” гезити