Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ошондой эле ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 12-сентябрында саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин жана ал бүгүн саат 06:00дө алынганын кабарлады.