Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

 

Бишкек шаарында Toyota үлгүсүндөгү автоунаа аялды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан көз жумду. 

 

Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө органынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, окуя 3-сентябрда, болжол менен саат 22:20да болгон. Кылмышка шектүүнүн изин суутпай, аталган кызматтын кызматкерлери кармашкан. Автоунаага жасалма мамномер кадалганы аныкталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.