“Коркконго кош көрүнөт” демекчи, мындан 4-5 күн мурда Бишкектин көчөлөрүн аралап, Беловодскидеги балдар үйүнө жардам алпарган автомашиналардын кербени шаардыктарды бир дүрбөтүп барып токтоду. Анткени бул окуяга күбө болгон айрым социалдык тармактардын колдонуучулары интернетте арабча “Кудай” деп жазылган кара байракты желбиретип кетип бараткан автоунаанын видеосу жарыяланып кызуу талкуу жаратып, “ИШИМдин байрагын желбиретип өтүштү...”,- деп жазып чыгышты. Желдей тараган бул шумдуктуу кабар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чейин жетип, чекисттер Ички иштер министрлиги менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин өткөрүп, кара желек илип алган үч автоунааны ошол замат эле кармашты. Көрсө, бул автоунаалардын кожоюндары “CERBER AVTO CLUB” деп аталган авто борборунун мүчөлөрү болуп чыгышты. Алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштери боюнча баратышкан экен. Анткен менен УКМКнын кызматкерлери аталган айдоочуларга тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдар ассоциация болуучу атрибутикаларды колдонууга жол берилбеши керек экенин түшүндүрүштү. Учурда бул факт боюнча материалдарды ИИМ терең иликтөөдө. Канткен менен кайсы бир белгисиз автоборбордун атына жамынып алып, кара байракты желбиретип элди дүрбөткөн адамдардын өздөрүнүн ким экендигин да дыкат изилдөө керек болууда. Көздөгөн максаты, ишмердүүлүгү кайрымдуулук иштерине дал келеби? Алар балдар үйүнө кайрымдуулук акция жасаса, анысын даңазалабай эле жүргүзүп, элдин эсин оодарбаса болбойбу?
Булак: “Майдан. kg” гезити