Кечээ, 27-августта Ош шаарында мугалимдердин август айындагы кеңешмеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, орто мектептин мугалимдери, бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылары катышты.
Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мэр Таалайбек Сарыбашов алгач шаардагы окуучулардын жана мугалимдердин кол өнөрчүлүгү, эмгектери коюлган мектеп көргөзмөсү менен таанышты.
Мэр өз сөзүндө билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн салынып жаткан жаңы мектеп жана бала бакчаларга токтолуп, коррупция менен күрөшүп, айрым учурларда ата-энелерден негизсиз жыйналып жаткан акчаларды жоюуну белгиледи.
Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги, 2017-2018-окуу жылындагы мыкты көрсөткүчтөрү жана Ош шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланды.
Ошондой эле, 10 мугалимге “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси берилип, 18 мугалимге КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.