Турак-жайынын курулушун баштоо, же аны өзгөртүү маселесине биринчи жолу кабылып, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына документтерди тапшырууга ниеттенген жарандарды ортомчулар жана алдамчылар адашууга түртүшөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
"Бирдиктүү терезе" ар күн сайын иштээрин мэрия белгилейт. Ошондуктан, документти өз алдынча тапшырууда көйгөй жарылышы мүмкүн эмес. Адистер кеңеш берүүгө даяр, ал эми акы фойеде орнотулган терминал аркылуу эле төлөнөт.
Ошондуктан, Бишкек мэрия жарандарды алдамчы жана шектүү адамдардан айланып качып, "Бирдиктүү терезеге" өздөрү документ тапшырууга үндөйт. "Бишкекбашкыархитектура" Москва көчөсүнүн жогору жагында, Турусбеков көчөсүндө жайгашкан.