Печать
Категория: Коом
Просмотров: 164

 

Кечээ, 19-августта Сахалин облусунун Поронайск шаарында мурдагы кагаз заводунун от жагылуучу имаратын бузуу иштерин кырсык коштоду. Ал жерде кыргызстандыктар иштеген. Чатыр кулап кетип, 10 адамды басып калган. 

 

Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди. 

 

Маалыматка караганда, Россиянын Сахалин облусу боюнча ӨКМ бөлүмүнүн кызматкерлери урандыдан 8 адамды алып чыгышкан. Алардын экөөсү майда жарааттарды алышкан, 5 адам ооруканага жаткырылган. Бир кыргызстандык каза таап, анын сөөгүн өлүкканага жеткиришкен. Өздүгү азырынча аныктала элек.