- Майрамдык иш-чаралар ар ишембиде кечки саат 18.00дө башталат. Сейил бактарда Ош шаардык маданият башкармалыгы, музыкалык мектептер, балдардын чыгармачылык борборлору, театр кызматкерлери тарабынан концерттик, оюн-зоок программалар кең-кесири тартууланат. Ошондой эле дене тарбия жана спорт комитети мелдештерди дагы тынымсыз уюштурат, — деп кошумчалады Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев.

 

Баса, эгемендүүлүккө арналган иш-чаралар «Алымбек Датка» этнографиялык борборунда, «Ата Түрк» жана Исхак Раззаков аиындагы сейил бактарында, ошондой эле «Жайкы сахна» подиумунда өткөрүлмөкчү.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз