Таиландда жыл сайын өтө турган “Аалам сулуусу” эл аралык сулуулук сынагына быйыл Кыргызстандын атынан тарыхта биринчи жолу “Кыргызстан сулуусу – 2017” конкурсунун жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова катыша тургандыгы айтылды.
Bangkok Post басылмасынын жазышынча, 67-жолу уюштурулуп жаткан конкурс бул ирет Бангкок шаарында 17-декабрда Impact Arena көргөзмө комплексинде өтөт.
Таиланддын бийлиги конкурсту өткөрүү өз кезегинде туристтерди тартып, элдин киреше булагы көбөйөт деген ишенимде.
"Аалам сулуусу" конкурсу биринчи жолу 1952-жылы АКШда өтүп, финляндиялык Арми Куусела эң мыкты деп табылган. Ал эми 2017-жылы Түштүк Африка респибликасынын өкүлү Деми-Ли Нель-Питерс "Аалам сулуусу" болгон.
Булак: “Майдан. kg” гезити